С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 8-7
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн № 10- үйүнүн тургуну Наврузова Назирахандын жеке менчик 12,0 га мурдагы жаңгак бактын жер тилкесин багытын калктуу конуштар багытына өзгөртүп берүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн № 10- үйүнүн тургуну Наврузова Назирахан Араван айылынын Мончоктөбө участкасындагы өзүнө тиешелүү болгон 12,0 га жаңгак бакты (жеке менчик туралуу Мамлекеттик акты бар) жаңгак бак 1970-жылда олтургузулганын билдирип, азыркы күндө каарып, сугат суусунун жетишсиздигинен кургап, кыйылып кеткендигин билдирип, аталган жерди айыл чарба багытынан айылдык конуш багытына өзгөртүрүп, (перепрофилирования) берүү боюнча руксат сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгуу жагы айылдык кеңешинин мурдагы сессиясында каралып, айылдык кеңешинин мунисципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясынына мыйзамдуулугун карап чыгуу боюнча калтырылган, бул маселе боюнча айылдык кеңешинин мунисципалдык менчик, айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн тургуну Наврузова Назирахан Араван айылынын Мончоктөбө участкасындагы жеке менчиги болгон 12,0 га жаңгак багын айыл чарба багытынан айылдык конуш багытына өзгөртүрүүгө уруксат берилбесин.
2. Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн № 10- үйүнүн тургуну Наврузова Назирахан Араван айылынын Мончоктөбө участкасындагы өзүнө тиешелүү болгон 12,0 га жаңгак бакты айыл чарба багытынан айылдык конуш багытына өзгөртүрүү боюнча Кыргыз Республикасынынтийиштүү органдарына кайрылуусу билдирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Мамажановго жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Файзуллаев |