КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 16-ноябры № 24-3
Киреше салыгынан ашыкча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бюджетине киреше салыгынан ашыкча түшкөн 500 000(беш жүз миң) сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бюджет-финансы жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп,талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл- Туу айылынадагы Батырбек көчөсүндөгү күрөш залына 70111-разделиндеги(башкаруу аппараты) 22221200-беренесине 400 000 (төрт жүз миң) сом, 2024 жылга түрткү берүүчү грантка долбоор даярдоого кетүүчү чыгымдар үчүн 70111-разделиндеги (башкаруу аппараты) 22154900-беренесине 100 000(жүз миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет-финансы жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Арстанбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышы жана иш кагаздарын даярдоо, акча каражатын беренеге которуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий kуzуl-tuu.gos.kg сайтына жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
5. Токтом расмий сайтка жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
Төрага | Төрөбеков Б. |