Редакцияот 16.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

2023-жылдын 16-ноябры № 24-6

Социалдык обьектилердин кышка даярдыгы жөнүндө

Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы социалдык,билим берүү, маданият, спорт тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп,талкуулап токтом кылат:

 

1.     Э. Арстанбаев атындагы №18- жалпы орто билим берүү мектеби кышка даярдыгы толук эместиги белгиленсин.

 

2.     Э. Арстанбаев атындагы №18- жалпы орто билим берүү мектебиндеги жылуулук системасындагы жана башка курулуш иштери толук бүткөрүлбөгөндүгүнө жана кетирген кемчиликтерине байланыштуу, тийиштүү органдарга кайрылуу жана курулушту өткөрүп берүү актысына ылайык,баланска алуу жагы, айыл өкмөт башчысы Т.Алимбековго милдеттендирилсин.

 

3.     Социалдык обьектердин кышка даярдыгын контролдоо жагы, айылдык кеңештин социалдык,билим берүү, маданият, спорт тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кеңештин төрагасынын орун басары Д.Шатманалиевага жүктөлсүн.

 

5.     Аталган токтомду расмий kуzуl-tuu.gos.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

 

6.     Токтом расмий сайтка жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Б.Төрөбеков