Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын

 

2024-жыл 16-февралы  №27-2

 

“Ардактуу атуул “ наамын берүү жөнүндө

 

 

Кызыл-Туу айылдык Кенешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жумабаевдин Бөлтаев Мусабекке, Ашырбай уулу Турсункулга, Ормоналиев Жандарбекке Кызыл-Туу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө корутундусун угуп, талкуулап, сессия

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1.      Кызыл-Туу айыл аймагына жана көп жылдар бою иштеп,айылдын социалдык,экономикалык өсүшүнө салым кошкон, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка пайдалуу кызматтары үчүн Жол-Сай, Аркыт тургундарынын сунуштарына жана Кызыл –Туу айыл өкмөтүнүн кесиптик кошуундун чогулушунун токтомуна негиз, төмөнкү атуулдарга Кызыл-Туу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

--- Бөлтаев Мусабек Акбарович;

--- Ашырбай уулу Турсункул;

--- Ормоналиев Жандарбек Мырзаканович;

--- Мамадалиев Талант Абдырахимович.

 

2.     “Ардактуу атуул” наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Алимбековго милдеттендирилсин.

3.     Бул токтомду расмий  kуzуl-tuu.gos.kg сайтка жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кенештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.     Токтом расмий сайтка жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага :

Б.Төрөбеков