Түп районунун Балбай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ
Балбай айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2024-жылдын 10-январы № 53
Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлу №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 4-пунктуна, ошондой эле 2009-жылдын 20-июлу №241” Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнундө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1п. ылайык Балбай айылдык Кеӊешинин XXVIII- чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана чыгарылсын.
2. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Балбай айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага Т.Т.Омуралиев