Түп районунун Балбай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ
Балбай айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын V- кезектеги сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 56
Балбай айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин фондунун жерлерин ижарага берүү шарттарын бекитүү жөнүндө
Балбай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында,ошондой эле айылдык кеңешинин жер комиссиясынын сунушун эске алып, Балбай айылдык Кеӊешинин XXVIII- чакырылышынын V-кезектеги сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнь №243токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” ЖОБОнун 1-бөлүмүнүн 2,7-пунктарына таянып Балбай айыл аймагында айыл чарба мамлекетинин фондунун жерлери ижарага төмөндөгүдөй баа менен берилсин:
- Суугат жерлер( категориясына жараша) 1 га -3000-5000сомго чейин
- Кайрак жерлер( категориясына жараша) 1 га-1000-3000сомго чейин
- Чөп чабыштар ( категориясына жараша) 1га-500-1000сомго чейин
2. Балбай айыл өкмөтү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө бекитилген шарттарынын негизинде иш алып барууга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Балбай айылдык кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Т.Омуралиев
Макулдашылды:
Жер комиссиянын төрагасы
Омуралиев Ч.А.______________