Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-февралы № 53
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат жана Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, сөөктү жайга коюуну каза болгон адамдын тирүү кезинде билдирген керээзине ылайык жана туугандарынын каалоосун эске алуу менен жүзөгө ашыруудагы кепилдиктерди, сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин, сөөктү жайга коюуга жөлөкпул төлөөнү, ошондой эле сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата санитардык жана экологиялык талаптарды, Кыргыз Республикасында маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу негиздерин белгилейт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) биологиялык объекттер – медициналык иштин натыйжасында пайда болгон адамдын органдары жана ткандары;
2) маркумдун керээзи - тигил же бул жерде, тигил же бул үрп-адаттар жана каада-салттар боюнча, мурда каза болгон тигил же бул адамдардын жанына коюлуу, патологоанатомиялык союуга алынышына макулдугу же макул эместиги жөнүндө, сөөгүнөн органдарды жана (же) ткандарды алууга макулдугу же макул эместиги жөнүндө, өзүнүн акыркы керээзин аткарууну тигил же бул адамга ишенип тапшыруу жөнүндө оозеки (күбөлөрдүн катышуусунда) же жазуу жүзүндө билдирилген каалоо, мында бул каалоо нотариалдык жактан ырасталышы керек;
3) табыт - каза болгондордун сөөктөрүн жайга коюу (ташуу) үчүн атайын үкөк;
4) жүк 200 - курман болгон (каза болгон) адамдын сөөгү башка шаарда же башка өлкөдө болсо, аны көмө турган жерге чейин ташууда колдонулуучу шарттуу белги;
5) каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруучу жак - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары же маркумдун сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жак;
6) сөөк коюлуучу жай - этикалык, экологиялык, санитардык жана шаар куруу талаптарына ылайык бөлүнгөн, сөөктү көмүү үчүн көрүстөн курулмасы, ошондой эле каза болгон адамдарды көмүүнү жүзөгө ашыруу үчүн багытталган башка имараттары менен курулмалары (коштошуу, дуба кылуу жана аза күтүү залдары) бар жер участогу;
7) сөөк - каза болгон адамдын денеси;
8) сөөктү жайга коюу (маркумду узатуу) - сөөктү көмүү боюнча ырым-жырымдар;
9) көмүү - каза болгон адамдын денесин жерге берүү;
10) мүрзөнүн жанына көмүү - каза болгон адамдын денесин мурда көмүлгөн мүрзөнүн жанына же ошол эле мүрзөгө көмүү;
11) кайра көмүү - сөөк коюлган жайды которуу, бүтүндөй сөөктү көрдөн чыгарып, аны башка сөөк коюлуучу жайга кайра көмүү;
12) эксгумация - туугандарынын демилгеси боюнча жана/же сот же укук коргоо органдарынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында кайра көмүүнү же башка иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн жансыз денени көрдөн алып чыгуу;
13) расымдык уюмдар - расымдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу, менчиктин ар кандай түрүндөгү (жеке, муниципалдык же мамлекеттик) уюмдар;
14) расымдык буюмдар - расымдык кызматтарды көрсөтүүдө пайдаланылуучу товарлар;
15) расымдык кызмат көрсөтүүлөр - каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюу менен байланышкан бардык кызмат көрсөтүүлөр;
16) кепин - маркум үчүн кийим же жапкыч;
17) маркумдуу узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат - маркумдардын сөөгүн жайга коюуну жана маркумдун сөөгүн жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматы;
18) брондоо - кийин көмүү үчүн орунду резервге калтыруу;
19) кремация - биологиялык объекттерди адистештирилген техникалык курулмаларда санитардык максаттарда отко берүү;
20) крематорий - биологиялык объекттерди санитардык термикалык жок кылуу үчүн багытталган адистештирилген техникалык курулма;
21) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
23) адамдын өлгөнүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкат - сөөктү коюу үчүн жайды бөлүп берүүгө же жол-жоболоштурууга негиз болуучу, каза болгон адамдын мээсинин токтоп калышына же анын биологиялык өлүмүнө (адамдын кайтпас өлүмүнө) байланыштуу саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү документ;
24) өлгөндүгү жөнүндө медициналык күбөлүк - патологоанатомиялык союудан же соттук-медициналык изилдөөдөн кийин, ошондой эле медициналык документтердин негизинде саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, белгиленген үлгүдөгү документ.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө мыйзамдар
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу, ушул Мыйзамга каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Сөөктү жайга коюу
Ушул Мыйзам сөөктү жайга коюуну маркумдун же аны узатууну жүзөгө ашыруучу жактын керээзине ылайык анын дин тутуусун, Кыргыз Республикасынын экологиялык, санитардык, шаар куруу жана башка ченемдерине каршы келбеген үрп-адаттарын жана каада-салттарын эске алуу менен анын денесин (сөөгүн) жерге (мүрзөгө же казанакка) көмүү аркылуу жүзөгө ашырылуучу, сөөктү жайга коюу ырым-жырымы катары белгилейт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Көмүү
1. Каза болгон адамдын сөөгүн көмүү адамдын өлүмүн белгилөө жөнүндө гербдик мөөр менен күбөлөндүрүлгөн медициналык маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт.
2. Көмүүлөр бош жана туугандык (көрдүн жанына көмүү) болуп бөлүнөт.
Каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн көрүстөндүн көмүү үчүн кайра бөлүнгөн (мурда эч ким көмүлбөгөн) жер участогунда жерге берүү бош жерге көмүү болуп саналат.
Туугандык көмүү (көрдүн жанына көмүү) болуп каза болгон (курман болгон) адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндүн бул участогунда мурда көмүлгөн көрдүн жанындагы бош жерге көмүү саналат. Туугандык көмүү жөнүндө маселени чечүү маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жүзөгө ашырылат.
Каза болгон адамдын сөөгүн иштеп турган көрүстөндөрдөгү мурда көмүлгөн көрдүн жанына көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда жүргүзүлөт.
3. Каза болгон адамдын сөөгүн ошол эле көрдүн жанына же болбосо ошол эле көргө көмүү туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу жана көргө коюлган адам менен туугандыгынын ырастамасы болгон учурда жүргүзүлөт.
4. Бош жерге көмүүнү жүргүзүүнүн убакыты жана жери маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан жөнгө салынат.
5. Каза болгон (курман болгон) адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан көрүстөндөргө көмүүнү жүргүзүү ушул беренеге ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Сөөк коюлуучу жайлар (көрүстөндөр)
1. Көрүстөндөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз карамагында болот.
2. Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жашаган жеринен маалымкат бар болсо, көмүү үчүн жайды каза болгон адамга акысыз берүүгө милдеттүү.
3. Жаңы көрүстөндөрдү түзүү экологиялык жана тарыхый-маданий экспертизанын корутундусу бар болгон жана санитардык талаптар сакталган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын эске алуу менен экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Иштеп турган көрүстөндөрдү реконструкциялоо экологиялык жана тарыхый-маданий экспертизанын корутундусу бар болгон жана санитардык талаптар сакталган учурда, жергиликтүү коомчулуктун милдеттүү макулдулугун эске алуу менен экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Учурдагы көрүстөндөр түртүп бузулууга тийиш эмес жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча гана жана жергиликтүү коомдоштуктун макулдугун эске алуу менен, ошондой эле суу каптоо, көчкү жүрүү коркунучу жаралган учурда, жер титирөөдөн жана башка табигый кырсыктардан кийин тарыхый-маданий мурас объекттерине карата маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын корутундусу болгондо гана башка жерге которулушу мүмкүн.
5. Көрүстөндөр мурда жайгашкан аймактарды пайдаланууга алар жабылган мөөнөттөн отуз жыл өткөндөн кийин уруксат берилет. Тарыхый-маданий мурас объекттери болбосо, бул аймактар жаңы көрүстөндөр, жашыл бак-дарактарды отургузуу же тарыхый-маданий максаттар жана музейлештирүү үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн. Сыйынуу объекттерин кошпогондо, бул аймактарда имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.
6. Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусу болгондо, учурдагы көрүстөндөрдө каралбай калган эски мүрзөлөрдү көмүлгөн учурдан жыйырма беш жыл өткөндөн кийин экинчи жолу сөөк коюу үчүн пайдаланууга жол берилет. Мында бул жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернет түйүнү аркылуу алдын ала жарыяланышы керек жана ошондон бир ай өткөндөн кийин гана көмүүгө уруксат берилет.
7-берене. Маркумдун керээзи
1. Эгерде каза болгон адамдын керээзин аткаруу мүмкүн болбогон жагдайлар жаралбаса, же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандык же кылмыш-жаза мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, каза болгон адамдын денесине татыктуу мамиле жасоо боюнча аракеттер анын керээзине толук ылайык жүзөгө ашырылышы керек.
2. Каза болгон адамдын керээзи жок болгон учурда, анын денесине татыктуу мамиле жасоо боюнча аракеттерге уруксат берүү укугуна Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жубайы, жакын туугандары, ал эми мындайлар жок болсо - каза болгон адамдын сөөгүн жайга коюуну жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган башка жактар, же болбосо маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат ээ болот.