ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
2024-жыл 22-январы №6
“Чаткал тазалык таза-суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга аткарган иштери тууралуу отчетун угуу жана 2024-жылга бюджетин кароо жөнүндө ”
“Чаткал тазалык жана таза-суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга аткарган иштери тууралуу отчетун угуп жана 2024-жылга сунушталган “Бюджетинин” долбоорун карап талкуулап, Чаткал айылдык Кеңештинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алуу менен Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чаткал тазалык жана таза-суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга бекитилген “Бюджетинин” аткарылышы жана аткарган жумуштары тууралу отчету айрым бир кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. “Чаткал тазалык жана таза-суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга “Бюджетин” бекитүүдө. “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасын эске алуу менен бекитилсин. Бюджеттин киреше бөлүгү: 1543215сомго бекитилсин, мындан таза-сууга акы төлөөдөн түшчү каражат -505000сом, таштанды чыгаруудан түшчү каражат-100000сом, техникалардын кызмат көрсөтүүсүнөн түшчү каражат-300000сом, Чаткал айыл аймагынан берилүүчү субсидия-400000сом. Чыгаша бөлүгү: 1543215сомго бекитилсин, мындан эмгек акы-1071058сом, социалдык төлөмдөр- 142818сом, сапар чыгымдары-15000сом, концелярдык чыгымдар-5000сом, чарба буюмдарына-10000сом, күйүүчү майлоочу майга-113000сом, запастык бөлүктөрдү сатып алууга-80000сом, башка ар кандай чыгымдарга-106339сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Чаткал тазалык жана таза-суу” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланып, Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизуу жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чаткал айылдык Кенешини төрагысынын орун басары У.Сейталиевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.С.Оморов. |