ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
2024-жыл 22-январы №9
“Чаткал айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүп толуктоолорду киргизүү жонүндө”.
Чаткал айылдык Кеңешинин кароосуна келип түшкөн ар кандай мазмундагы меселерерден Чаткал айылдык Кеңешинин 06.09.203-жылдагы VII- чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүп толуктоолорду киргизип берүү сунушу боюнча Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын сунушун карап, талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын сунушу эске алынсын.
2. Чаткал айылдык Кеңешинин 06.09.2023-жылдагы VII- чакырылышынын кезексиз XXI-сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүп, толуктоолор киргизилсин.
3. Чаткал районунун Чаткал айыл аймагына караштуу Чандалаш участкасындагы Чандалаш дарыясынын сол жак тарабынан Чаткал айыл аймагынын жер аянтына тиешелүү мамлекеттик менчиктеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери категориясына кирген, Чаткал ботаникалык (заказник) коруктагы жалпы аянты 25,6га, анын ичинен таштуу жайыт -16,63га (контурлары: 942,940,1014,1082,1080,1087,1148,1167), жайыт- 3,23га (контурлары: 938,1016,1079,1083), таштуу бадал жайыт-5,79га (контурлары: 1010,1013,1151,1152,1154,1159,1168) жер аянттарын чакан ГЭС куруу үчүн “Сапат-Электро. КТ” жоопкерчилики чектелген коомуна “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын транспортунун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
4. Мыйзам чегинде райондук мамлекеттик администрация жана башка тиешелүү бардык компетенттүү органдардан тиешелүү иш-кагаздарын берүү жагы суралсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик расмий WWW: Chatkal.kg маалымат сайтына жарыялап жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы жооптуу катчы Р.Султанбек уулуна милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.С.Оморов. |