Редакцияот 02.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз  XIII сессиясы

 

2024-жылдын 2-марты  № 13-1

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин  төрагасынын орун басарын шайлоого карата  убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодогу бюллетендерди саноо жүргүзүүчү убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

                          

1.    Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодогу бюллетендерди саноо жүргүзүүчү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу эсептөө комиссиясы түзүлсүн:

 

Эсептөө комиссиясынын төрайымы:     М. Турдумбаева

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү:      А. Жаныбек уулу

                                                                   Ж. Асыпбеков

                                                                  

2. Эсептөө комиссиясына Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодогу бюллетендерди саноо калыс, таза жүргүзүү жагы тапшырылсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төрага

Э. Толубаев