Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 30-январындагы № 93/XXVI – 3

 

Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 83 / XXIV - 3 “Кайыңды шаарынын Пионерская - Молодежная - Трудовая көчөлөрүндө  2,6 га аянты менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин өздөштүрүү схемасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө”

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

“Кайыңды шаарынын Пионерская - Молодежная - Трудовая көчөлөрүндө 2,6 га аянты менен  жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин өздөштүрүү схемасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө” Кайыңды шаарынын мэриясынан келген катты карап чыгып, ошондой эле  2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 45-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы,  токтом кылат:

 

1. Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 83 / XXIV - 3 “Кайыңды шаарынын Пионерская - Молодежная - Трудовая көчөлөрүндө  2,6 га аянты менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин өздөштүрүү схемасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомунун 1 пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Ушундай деп эсептелсин: бул жер участоктору жеке турак-жай курууга гана арналбастан, аларды төмөнкү категорияларга бөлүү керек:

- жеке турак жай куруу үчүн – 1,6 га;

- коммерциялык участоктор үчүн – 0,43 га;

- жолдор жана көчөлөр үчүн – 0,63 га;

- балдар аянтчасы үчүн – 0,05 га;

Жалпы аянты 2,71 га ны  түзөт

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  милдети Кайыңды шаардык кеңешинин жер, турак-жай жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э.Т. Иманкулов