Редакцияот 02.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII чакырылыш XIII сессиясы

 

2024-жылдын 2-марты  № 13-4

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата

бюджетин бекитүү жөнүндө 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетин бекитүү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы  Р.Докоевдин жана  финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К. Жапаровдун сунуштарынын жана айылдагы жарандардан, мекеме-ишканалардан келип түшкөн арыз-кайрылуулардын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин жана №1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн:

Киреше бөлүгү:

1)              Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар – 71 253 800 сом, мунун ичинен атайын каражат 4 517 000 сом;

2)              Теңдештирилген грант – 8 982 100 сом;

Баардыгы: 80 235 900 (сексен миллион эки жүз отуз беш мин тогуз жүз) сом;

 

Чыгаша бөлүгү:

1.Башкаруу аппараты – 51 900 700 сом;

2.Жайыт комитети – 1 972 500 сом;

3. Маданият – 2 903 000 сом;

4. Мектептер – 11 804 300 сом;

5. Бала бакчалар – 7 138 400сом;

6. Атайын каражат -2 938 200 сом;

7. Атайын каражат муниципалдык (таза суу, таштанды) – 1578 800 сом;

Баардыгы: 80 235 900 (сексен миллион эки жүз отуз беш мин тогуз жүз) сом;

2. Ат-Башы  айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген бюджетин №1 тиркемеге ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К. Жапаровго милдеттендирилсин;

3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:

  2025-жылга

-Жергиликтүү кирешелер -78438,6 миң сом;

-Теңдештирилиген грант-8982,1 миң сом;

  Жалпы: 87420,7 миң сом.

 

  2026-жылга

-Жергиликтүү кирешелер -87573,6 миң сом;

-Теңдештирилиген грант-8982,1 миң сом;

  Жалпы: 96555,7 миң сом.

 

4. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы  Р.Докоевге тапшырылсын.

 

 

 Төрага

 

Э. Толубаев