КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-февралындагы № 94/XXVII – 1
Белоброва н/ж (мурунку “Юбилейный” дүкөнүнүн жанында) жана Казаченко № 74 көчөлөрүндө жайгашкан, «Комфорт-Каинда» ТЖЭК тин балансында турган эки суу скважинасын, ошондой эле суу проводу жана канализация түтүктөрүн Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын “Комфорт – Каинда” ТЖЭК тин балансында турган эки суу скважинасын сатып алуу жана андан кийин аларды Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн балансына алуу” жөнүндө катын карап чыгып, жана “Комфорт – Каинда” ТЖЭК тин жалпы чогулушунун протоколун карап чыгып, кооператив жоюлгандыгын эске алып, жумушчуларга эмгек акы төлөө боюнча карызды жоюу боюнча кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу, кооперативдин мүлкүнүн бир бөлүгүн, тактап айтканда, дареги: Кайыңды шаары, Белоброва н/ж (мурунку “Юбилейный” дүкөнүнүн жанында) жана Казаченко № 74 көчөлөрүндө жайгашкан “Комфорт – Каинда “ ТЖЭК тин балансында турган 2 суу скважинасын жана суу жана канализация түтүктөрүн Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлумүнө 100000 (жүз миң) сомго сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4-пункттарын, 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 5-пункттарын , Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнө «Комфорт-Кайында» ТЖЭК тин мүлкүнүн бир бөлүгүн сатып алууга бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин, тактап айтканда, Кайыңды ш. Белоброва н/ж (мурунку “Юбилейный” дүкөнүнүн жанында) жана Казаченко № 74 дарегинде жайгашкан 2 - суу скважинасын, ошондой эле «Комфорт-Каинда » ТЖЭК тин балансында турган суу жана канализация түтүктөрүн.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнө Белоброва н/ж (мурунку “Юбилейный дүкөнүнүн жанында) жана Казаченко № 74 көчөлөрүндөгү “Комфорт-Каинда” ТЖЭК тин балансында турган 2 – суу скважинасын жана суу жана канализация түтүктөрүн баланска алууга макулдук берилсин.
3. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатуу - сатып алуу операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон каражаттар бөлүнсүн.
4. Бүтүм аяктагандан кийин сатылып алынган мүлктү “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кийин оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү менен Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн балансына кабыл алынсын.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Т. Иманкулов |