А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIХ сессиясынын
2024-жылдын 22-февралы № 29/4
“Кара-Дөбө” айыл чарба кооперативинин жерин айыл өкмөт балансына алуу жөнүндө
“Кара-Дөбө” айыл чарба кооперативинин жери боюнча А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. “Кара-Дөбө” айыл чарба кооперативинин жери А.Масалиев айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Айыл өкмөт балансына алынгандан кийин ижарага берүү шарттары айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
3. Айыл өкмөт балансына өткөрүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Бакировго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарба жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |