Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дара айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы

 

2024-жылдын 20-февралы № 72

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планынын долбоорун угуп  жана талкуулап,  Дара айыл аймагынын айылдык Кенеши    токтом кылат:

 

1.     Айтылган сунуштар жана толуктоолор менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).       

2.     Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго жүктөлсүн.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго тапшырылсын.

Айылдык кеңешинин төрайымы

Р.Сайкалова

“БЕКИТЕМИН”

Дара  айылдык кеңешинин төрайымы____________Р.Сайкалова “______” ____________2024-жыл

 

Дара айылдык кеңешинин 2024-жыл ичинде аткарыла турган   ИШ ПЛАНЫ  

 

№

Дара айылдык кенешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:

Аткаруу   мөөнөтү

Аткаруучу

Аткарууга жооптуулар

1

Дара айылдык Кеңешинин 2024-жылга карата иш планын  түзүү жана бекитүү.

I квартал

 

Төрайым, жооптуу катчы

Төрайым жана  комитеттин төрагалары

2

Туруктуу комиссиянын иш планын бекитүү

I квартал

Туруктуу комиссиялар

Туруктуу комиссиянын төрагалары

3

Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2024-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө.

I квартал

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Экономист статист

Бюджет жана экономика боюнча туруктуу ком.

 

 

4

Дара айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү.

I квартал

ФЭБ башчысы жана тийиштүү адистер

 

 

Финансы комитети

5

Дара айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча маалымат.

I квартал

Айыл өкмөтүнүн башчысы

Туруктуу комиссиялар, тиешелүү мекемелердин жетекчилери

6

Айылдык кенештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча очетторун угуу

Ар бир кварталда

Депутаттар

Туруктуу комиссиянын төрагалары

7

Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жыл ичинде аткарган иштери жана 2024-жылга  карата түзүлгөн жылдык сметасын жана иш планын бекитүү жөнүндө.

I квартал

Жайыт комитетинин

төрагасы

Бюджет жана экономика боюнча туруктуу ком. жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

8

Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичүүчү таза суу жана тазалык ишканаларынын жүргүзүүчү чарбалык субьекттердин 2023-жыл ичинде аткарган иштери жана 2024-жылга карата түзүлгөн сметасын жана иш планын бекитүү жөнүндө.

I квартал

“Дара суусу”, “ Ак суу Баткен ”ИСКАКБ башчылары

 

 

Бюджет жана экономика боюнча туруктуу ком.

 

 

9

Дара айылдык кенеши тарабынан берилүүчү наам жана сыйлоолордун Жобосун иштеп чыгуу менен бекитүү

II квартал

Туруктуу комиссиялар

Туруктуу комиссиялардын төрагасы

10

Айыл өкмөтүнүн аймагында зордук зомбулуктун алдын алуу жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат.

II квартал

Аймактык милиция кызматкери, соц адис, КААБтын тийиштүү адистери

 

 

Социалдык  маселелер боюнча туруктуу комиссия

КААБ

11

Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы ичуучу таза суу жана тазалык ишканаларынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө маалымат

II квартал

“Дара суусу”, “ Ак суу Баткен ”ИСКАКБ башчылары

 

Бюджет жана экономика боюнча туруктуу ком.

 

12

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы спорт аянтчаларынын аткарып жаткан иштери жана абалы жөнүндө маалымат

 

II квартал

Спорт аянтчалардын жетекчилери

Бюджет жана экономика боюнча туруктуу ком. жана социалдык  маселелер боюнча туруктуу комиссия

13

Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2-кварталынын  аткарылышы боюнча маалымат

II квартал

ФЭБ башчысы жана тийиштүү адистер

 

Финансы комитети

14

Айыл өкмөтүнүн кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндө маалымат

III квартал

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Бюджет жана экономика боюнча туруктуу ком.

15

Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 3-кварталынын  аткарылышы боюнча маалымат

III квартал

ФЭБ башчысы жана тийиштүү адистер

 

Финансы комитети

16

КААБтын жүргүзүп жаткан иштери  боюнча маалымат

III квартал

Аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар кеңеши

 

Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия

17

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы    социалдык бөлүмүнүн жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

 

 

IV квартал

 

Соц адис

Соц.маданий маселелер жана

Жер, муниц чарба, көрктөндүрүү иштери б-ча туруктуу ком.

18

Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

 

IV квартал

Салык кызматкерлери

Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссия

19

Дара айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2024-жылга карата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин бекитүү.

IV квартал

 

ФЭБ башчысы жана тийиштүү адистер

 

 

Финансы комитети

20

Жыл жыйынтыгы боюнча сыйлоо үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айылдын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон айылдык Кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин, жарандардын ишине баа берүү

 

 

 

IV квартал

 

 

Айыл өкмөт башчысы жана аппарат кызматкерлери

 

 

Социалдык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

21

 

Жыл ичинде айыл өкмөтүнө тартылган ички жана тышкы инвестиция боюнча маалымат

 

IV квартал

Айыл өкмөт башчысы жана аппарат кызматкерлери

Социалдык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

22

Айылдык кеңешинин депутаттарынын тажрыйба алмашуу  үчүн  иш-чара түзүү жана уюштуруу

 

 Дайыма

 

Жооптуу катчы

Социалдык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясы

23

Айыл тургундарынан келип түшкөн арыз, билдирүү жана кайрылууларды кароо жөнүндө

Ай сайын

Жооптуу катчы

Тийиштүү комитеттер жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери

24

Коомдук угууларды, бюджеттик угууларды уюштуруу

Декабрь

төрайым, депуттар

Төрайым, депуттар, жооптуу катчы

25

Айылдык кенеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө

Жылына бир жолу

Депутаттар

Төрайым, депутаттар