ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы
2024-жылы 20-февралы № 73
“Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга аткарган иштери жана 2024-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга каткарган иштери жана 2024-жылга бюджетинин түзүлүшү жөнүндө А.Амиралиевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга отчёту канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2024-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 688056 (алты жүз сексен сегиз миң элүү алты ) сом, чыгаша бөлүгү 688056 (алты жүз сексен сегиз миң элүү алты) сомго бекитилсин.
3. “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет №1)
4. “Дара Суусу” ИСКАКБсынын 2022-жылга карата таза-суу пайдаланган ар бир жаран үчүн айына 20 сом тариф болуп белгиленсин жана акча каражатын жыйнаган жыймачыларга 20% кызмат акы болуп бекитилсин.
5. Бюджеттик мекеме ишканалар, мектептер жана бала-бакчалардагы ар бир балага таза суу үчүн 8 сомдон тариф бекилсин.
6. Убактылуу таза сууну үйүнө суу түтүктөрүнүн жардамы менен киргизип суу кампаларын толтуруп пайдаланган үй-бүлөлөргө жана короолорго айына 200 сом тариф бекилсин.
7. “Дара Суусу” ИСКАКБсы менен таза-сууга келишим түзбөй таза суу пайдаланганы аныкталса, кожолугундагы катталган жанга эсептелүүчү акча каражаты 2 эселенген түрдө төлөнсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапиевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы: |
Р.Сайкалова |
“Бекитемин”
Дара айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын №73 токтомуна тиркеме №1
«Дара Суусу» ИСКАКБнын 2024-жылга карата тузулгон иш планы.
№ | Аткарылуучу иштин мазмууну | Мөөнөтү | Аткарууга жооптуу |
1 | «Дара Суусу» ИСКАКБнын ши планын түзүү жана бекитүү жана элдер жана бюджеттик мекемелер менен келишимдерди түзүү | 2024-жыл январь | Ишкананын башчысы |
2 | Жогорку мамлекеттик органдардан келген токтом, буйрук каттар менен иштөө | Дайыма | Ишкананын башчысы |
3 | ИСКАКБнын башкармасынын мүчөлөр жүргүзгөн иши жөнүндө отчету | Февраль айы | Ишкананын башчысы |
4 | «Дара Суусу» ИСКАКБнын ишканасынын бюджетин бекитүү | Март айы | Ишкананын башчысы |
5 | Айылдын элдеринин үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо | Дайыма | Ишкананын башчысы |
6 | Элдик жалпы чогулуштарды өз убагында өткөрүү | Дайыма | Ишкананын башчысы |
7 | Тарифтерди талдоонун маанилүүлүгүн суу пайдалануучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дайыма | Ишкананын башчысы |
8 | Ичүүчү сууну үзгүлтүкө учураган учурда тез арада дайыма оңдоо жумуштарын сапаттуу аткаруу | Дайыма | Ишкананын башчысы |
9 | Тарифтин жыйналышын көзөлдөө жана төлөбөгөн абономенттерге эскертүүлөр жана чараларды колдонуу | Дайыма | Ишкананын башчысы |
10 | Тарифтерди өз убагында жыйналышын көзөмөлдөө | Дайыма |
|
11 | Элдердин таза суу менен камсыздоо үчүн эл аралык уюмдар менен иштөө долбоорлорду сунуштоо | Дайыма | Ишкананын башчысы |
12 | «Дара Суусу»ИСКАКБнында иштегендерге шарттарды түзүү жана маралдык колдоо | Дайыма | Ишкананын башчысы |
13 | Квартал боюнча отчеттук чогулушттарды уюштуруу | Дайыма | Ишкананын башчысы |
14 | Башкармалыктын жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө | Жарым жылдыкта | Башкармалыктын башчы мүчөлөрү |
«Дара Суусу» ИСКАКнын башчысы А.Амиралиев.