КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-декабры № 59
Жер аянтын которуу ( трансформациялоо) жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагына инвестиция тартуу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагына инвестиция тартуу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Көк-Мойнок айыл аймагынын “Боз–Бармак ” участкасынан №186 контурда жайгашкан 161,4 гектар жер аянтынын ичинен 0,30 гектар жайыт түрүндөгү жер аянтын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жерди трансформациялоо боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. 0,30 гектар жайыт түрүндөгү жер аянтын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформация) жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага |
| С. Д. Байбосунов |