Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы

2023-жылдын 25-декабры № 57

Жер аянтын которуу ( трансформациялоо) жөнүндө

Көк-Мойнок айыл аймагына инвестиция тартуу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Мойнок айыл аймагына инвестиция тартуу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Көк-Мойнок айыл аймагынын Ак-Өлөӊ айылындагы “Боз-Бармак ” участкасынан №218 контурда жайгашкан жайыт түрүндөгү жалпы 320,3гектар жер аянтынын ичинен 3,84 гектар, “Ак-Жал” участкасынан №1322контурда жайгашкан жайыт түрүндөгү 309,3гектардын жер аянтынын ичинен 6,40 гектар жер тилкеси, бардыгы 10,24 гектар жер тилкесин канаттууларды өстүрүү максатында фермаларды куруу үчүн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Жерди трансформациялоо боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. 10,24 гектар жайыт түрүндөгү жер аянтын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформация) жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

 

С. Д. Байбосунов