Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII чакырылыш XIV сессиясы

 

2024-жылдын 13-марты    № 14-2

2024-2025-жылдарга карата “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга жана жыйналуучу жыйымдарга баа бекитип берүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору К. Кулуевдин берген маалыматынын негизинде жогоруда аталган ишкана тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акыларга 2024-2025-жылдарга карата баа бекитип берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:                        

1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акылар жеке жактарга төмөндөгүдөй  бекитилсин:

 

№

Техникалардын түрү

Өлчөө бирдиги

Катуу грунт

Кошумча май л. (диз.топливо)

Жүктөөлөр

1 рейс

1

Эксковатор

1 м3

150 сом

 

800 сом

2

Камаз

1 рейс

1700 сом

 

 

3

МТЗ-82

1 га

1500 сом

25 л.

 

4

Мусоровоз

1 рейс

1000 сом

 

 

5

Комбайн

1 га

2300 сом

25 л.

 

6

Погрузчик

1м/саат

1500 сом

30 л.

 

 

2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызмат акыларга 25 % кошулсун;

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана Антимонополия мекемеси менен макулдашуу жагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору К.Кулуевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө  милдеттендирилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.   

 Төрага

 

Э. Толубаев