КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы
2023-жылдын 18-декабры № 54
Көк-Мойнок айыл аймагындагы таштандыларды чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын Тоң району боюнча башкармалыгынын 2023-жылдын 14-декабрындагы №01-7/2249 сандуу катынын негизинде Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагында жашаган ар бир түтүн ээлерине өз ара жыйымдар 50 сом өлчөмүндө алынсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн салык кызматкери А. Калыйевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| С. Байбосунов |