АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII чакырылыш XIII сессиясы
2024-жылдын 2-марты № 13-7
«Жылдын мыкты айыл өкмөтү 2022-жыл» номинациясында
2-орунду алгандыгы үчүн келип түшкөн акча каражаттарына окучууларды ташуу үчүн маршруттук каттамга техника алуу жөнүндө
«Жылдын мыкты айыл өкмөтү 2022-жыл» номинациясында 2-орунду алгандыгы үчүн келип түшкөн акча каражатына окуучуларды ташуу үчүн маршруттук каттамга техника алуу жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жылдын мыкты айыл өкмөтү 2022-жыл» номинациясында 2-орунду алгандыгы үчүн келип түшкөн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатына окуучуларды ташуу үчүн маршруттук каттамга 2 техника алуу сунушу жактырылсын.
Төрага |
Э. Толубаев |