КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы
2023-жылдын 16- октябры № 49
Көк-Мойнок айыл аймагынын Көк-Мойнок-1 айылындагы мектепке ысым ыйгаруу жөнүндө
Көк-Мойнок-1 айыл элинин 2023-жылдын 6-октябрындагы жыйналышынын протоколунун жана Көк-Мойнок-1 жалпы орто билим берүү мектебинин педагогикалык кеңешинин №63 чечиминин негизинде Көк-Мойнок айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагынын Көк-Мойнок-1 айылындагы Көк-Мойнок-1 жалпы орто билим берүү мектебине Нарынбаев Асанбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомду Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| С.Д. Байбосунов |