Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2024-жылынын 28-ноябрындагы №3 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ!
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессия
2024-жылдын 12-марты №1
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 07.02.2024-жылдагы “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеӊештердин иши жөнүндө убактылуу Жобону бекитүү тууралуу” №24-Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 12.07.2022-жылдагы XIX-
сессиясынын №11-токтому жокко чыгарылсын.
2. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин Регламенти №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери бекитилген Регламентин негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик
реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов)
милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык,
укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык
ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, туризм, спорт жана жаштардын иштери боюнча
туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында
жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Н.Орозбаев |