CУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Cуу-Башы айылдык кеңешинин VII–чакырылышынын кезектеги XXXIV-сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 104
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын тургуну Тилеков Мураталинин арызынын негизинде 2023-жылдын 13
апрелинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VlI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын, Бөжөй айылындагы мечит курулган 0,05га жер аянты жөнүндөгү №76 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундаы № 241 мыйзамынын 17- беренисинде көрсөтүлгөндөй, ченемдик укуктук актыга өзгөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн , аны күчүн жоготту деп табуунун тартибинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын тургуну Тилеков Мураталинин арызына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамдаштырып берүү жагын талкуулап жана угуп, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIV сессиясы токтом кылат:
- Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылынын тургуну Тилеков Мураталинин арызынын негизинде 2023-жылдын 13-апрелинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VlI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын, Бөжөй айылындагы мечит курулган 0,05га жер аянты жөнүндөгү №76 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
- Бөжөй айылындагы 0,05 га жайыт жер аянты категориясынан калктуу конуш категориясына которууга макулдук берилсин.
- Токтомду аткарууга алуу, аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Бөрүев |