Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык аймактык кеңешинин 10-чакырылышынын

кезектеги 10-сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы № 59

 

Шекер айыл өкмөтүнүн бошогон кеңсеси жана эмеректерин бөлүштүрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “ПЖ №85 жарлыгына ылайык, айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” айл өкмөттөр бириктирилип Кок-Сай административдик борбор болгондугуна байланыштуу Шекер айыл өкмөтүнүн бошогон кеңсесин жана эмеректерин айыл жаштарына,ак сакалдар кеңешине, Шекер айылынын депутаттарына калтыруу жөнүндө;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

3. Шекер айыл өкмөтүнүн бошогон кеңсеси жана эмеректерин Шекер айыл жаштар борборуна,ак сакалдар кеңешине толугу бойдон калтырылсын.

 

2. Шекер айыл аймагындагы ҮДТна 1-даана комьпютер толук комплеги менен жана 10 даана стул,бир даана стол,Т.Айтматов орто мектебине 1-даана комьпютер толук комплеги менен,Арчагул айылына 1-даана комьпютер толук комплеги менен Шекер айылынын кеңешине мурдагы эмеректер жана 1-даана комьпютер толук комплеги менен бөлунүп берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Э.Иманалиев