Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин (мындан ары - Агенттик) укуктук жана уюштуруу негиздерин, анын ыйгарым укуктарын, милдеттерин, функцияларын аныктайт.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги - өз алдынча уюштуруу-укуктук формасындагы көз карандысыз, коммерциялык эмес уюм - Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, ага "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктар, укуктар жана милдеттер тапшырылган.
4. Агенттиктин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү бар. Агенттиктин расмий толук аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;
расмий тилде: Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики.
5. Агенттиктин штампы, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланкы бар.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) жана коммерциялык банктардын, чакан финансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын төгүмдөрүнүн эсебинен Депозиттерди коргоо фондун толуктоо үчүн каралган Агенттиктин эсеби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (андан ары - Улуттук банк) ачылууга жана тейленүүгө тийиш. Агенттиктин операциялык чыгымдарга жана башка сарптоолорго арналган банктык эсептери коммерциялык банктарда ачылат.
7. Агенттик өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын региондорунда өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.
2-глава. Агенттиктин милдеттери
8. Агенттиктин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасында аманаттарды коргоонун натыйжалуу системасын камсыз кылуу;
2) Улуттук банктан мыйзамдарда белгиленген тартипте лицензия алган, төгүмдөрү кабыл алууну жүзөгө ашырган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын ликвидаторунун функцияларын аткаруу;
3) Улуттук банктан лицензия алган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчыларынын кайрылууларын кароо.
3-глава. Агенттиктин функциялары
9. Депозиттерди коргоо боюнча агенттик төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) банк-катышуучулардын, чакан финансылык компания-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулардын реестрин жүргүзөт;
2) аманатчылардын талаптарын, төлөөгө тийиштүү сумманы жана депозиттер боюнча компенсациялык төлөмдөрдүн суммаларын эсепке алууну жүзөгө ашырат;
3) "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулган аманатчыларга аталган Мыйзамда аныкталган сумманы төлөп берет;
4) Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрдүн өлчөмдөрүн эсептейт жана төгүмдөрдү топтойт;
5) төгүмдөрдүн өз убагында жана толугу менен төлөнүшүн камсыз кылууга багытталган зарыл аракеттерди жүргүзөт;
6) төгүмдөр өз убагында төлөнбөгөндүгү үчүн айыптарды жана туумдарды белгилейт жана салат;
7) "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана чектерде Депозиттерди коргоо фондунун активдерин башкарат;
8) мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет;
9) аманаттар боюнча компенсацияларды төлөөнү камсыз кылуу максатында агент банкты тандайт;
10) "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төлөнгөн компенсацияларды жоюлуп жаткан банктардан, чакан финансылык компаниялардан жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардан Депозиттерди коргоо фондуна кайра ордунун толтурулушун камсыздайт;
11) аманатчыларга компенсациялык суммаларды төлөп берүү үчүн жетишсиз болгондо, зайымдык жана башка каражаттарды тартат;
12) ички контролду жүргүзөт;
13) депозиттерди коргоо системасы жөнүндө коомдун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
14) депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларын кепилденген учурдун келишине даярдыгын тесттен туруктуу негизде өткөрүп турат;
15) мыйзамдарда белгиленген тартипте банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын ликвидатору катары чыгат;
16) "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды жоюунун жүрүшү жөнүндө алдын ала, учурдагы жана корутунду отчетту сотко, Улуттук банкка тапшырат;
17) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Улуттук банктан лицензия алган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү зайымчыларынын кайрылууларын карайт;
18) Улуттук банкка жана мамлекеттик бюджетке банктын укук улантуучулук тартибинде өткөрүлүп алынган карыздарын өндүрүп алуу боюнча агенттик кызмат көрсөтүүлөрдү келишимдик негизде жүзөгө ашырат;
19) банктарды жана финансы-кредиттик мекемелерди жоюу боюнча, ошондой эле Министрлер Кабинети бекитүүчү жободо каралгандай көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча депозиттерди милдеттүү коргоо системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн башка функцияларды жүзөгө ашырат.