Редакцияот 12.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы

2023-жылдын 12-сентябры № 45

Жер аянтын которуу ( трансформациялоо) жөнүндө

Көк-Мойнок айыл аймагына инвестиция тартуу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Мойнок айыл аймагына инвестиция тартуу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Көк-Мойнок айыл аймагынын Көк-Мойнок-1 айылындагы “Сай-короо” участкасынан №1498,1508,1509,1510 контурларда жайгашкан жайыт түрүндөгү жалпы 202,0гектар жер аянтын шамалдан электр энергия алууга электр станциясын куруу үчүн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Жерди трансформациялоо боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. 202,0 гектар жайыт түрүндөгү жер аянтын “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформация) жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

Төрага

 

С. Д. Байбосунов