КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясынын
2023-жылдын 20-ноябрындагы № 18/2
Беренеден беренеге которуу жөнүндө
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз 18 -сессиясы токтом кылат:
- Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аппаратынын сапар чыгымдары жетпей калгандыгына байланыштуу 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражатын аппараттын 70111 бөлүмүндөгү (4408011251003092 эсебинде) 22154900 беренесинде айылдык кеңештин төрагасынын фондуна каралган 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты 70111 бөлүмүнүн (4408011251003092 эсебине) 22111100 беренесине жана 70111 бөлүмүндөгү (4408011251003092эсебинде) 22154900 беренесинде айыл өкмөттүн спорт оюндары үчүн каралган 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражатына спортчуларга керектүү жабдыктарын алуу үчүн 70111 бөлүмүнүн (4408011251003092 эсебине) 22221100 беренесине коюп берилсин.
- Тиешелүү акча каражатын отургузуу жагы ФЭБ башчы Ш.Кайыповго милдеттендирилсин.
- Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага: |
| А.Назарбеков |