ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 15-февралы № 3
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зар-Таш айылынын түндүк тарабынан 2,5 га жер аянтын которууга (транс-формацияга) макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 01-февралынын №01-07/27 катынын негизинде жана айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №1 чечиминин негизинде депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
- Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зар-Таш айылынын түндүк тарабындагы №424-контурдан 0,76 га, №425-контурдан 1,74 га таштуу жайыт жер аянтын, жалпы 2, 50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу, жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн
башчысы Д. Макановго тапшырылсын.
Кенештин төрагасы | Н.Артыков |