ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 15-февралы № 4
Жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 2023-жылдын жыйынтыгын угуу жана 2024-жылга карата иш чаралар планын бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин жетекчиси Т.Назаровдун “Жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 2024-жылга карата иш чаралар планын жана жайыт пайдалангандыгы үчүн тарифин бекитүү жөнүндө” билдирүүсүн угуп, депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 2023-жылга аткарылган иштеринин маалыматы, 2024-карата иш чаралар планын бекитүү маалыматы так болбогондуктан эскертүү менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин жайытка чыккан ири мүйүздүү жана бодо малдар башына алынуучу жайыт акысы төмөнкүчө болуп бекитилсин.
- Ири мүйүздүү малдар 150 сом
- Бир жылкыга 250 сом
- Бир кой-эчкиге 45 сом
- Курук отун пайдалангандыгы үчүн 1000 сом
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, коммуналдык чарба, курулуш транспорт жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кенештин төрагасы | Н.Артыков |