Редакцияот 11.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы

2023-жылдын 11-сентябры № 43

Кыргыз Республикасынын Президентинин 18.10.2022-жылдагы №350 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 18.10.2022-жылдагы №350 “Кыргыз Республикасында административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 15.08.2023-жылдагы №318 тескемесин ишке ашыруу максатында, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Тоң Районунун Көк-Мойнок жана Улахол айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

2.              Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 22-августундагы №39 токтомунун 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин. Бириккен айыл аймагы Саякбай Каралаев айыл аймагы деп аталсын жана анын борбору Оттук айылында жайгашсын.

3.              Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң районунун мамлекеттик администрациясына жиберилсин.

4.              Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Мойнок айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңештин Бюджет пландоо жана закондуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

С. Д. Байбосунов