Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 15-февралы № 7

Чоң-Талаа айылынын Жибек жолу көчөсүндө жөө  жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун алдын алуу максатында жол белгилерди орнотуу  жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановдун сунушу менен,  Чоң-Талаа айылынын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан “Келечек” балдар бакчасына келүүчү балдардын коопсуздугунун алдын алуу максатында, депутаттар арасында кеңири талкууланып, Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  I сессиясы токтом кылат:

 

1.    Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылынын Жибек-Жолу көчөсүнө Чоң-Талаа айылынын жашоочуларынын  коопсуздугун   алдын алуу максатында Ош-Баткен айланма жолуна  жол белгилерин орнотууга жана  “Келечек” балдар бакчасына келүүчү  балдардын коопсузудугун сактоо  үчүн  тиешелүү жол белгилерин,  жасалма тегиз эмес жол  (лежащий полиция) орнотууга макулдук берилсин.

2.    Тиешелүү иш кагаздарын жана макулдуктарын алуу боюнча иш жүргүзүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго  жүктөлсүн

Кенештин төрагасы

Н.Артыков