Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 15-февралы № 10

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу  Чоң-Талаа айылындагы эски мектептин имаратына айылдык китепкана ачуу  жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановдун сунушу менен, Чоң-Талаа айылынын тургуну А. Ырысалиеванын билдирүүсүнүн негизинде, депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  I  сессиясы токтом кылат:

 

1.     Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылындагы эски мектептин имаратынан бир бөлмөсүнө  айылдык китепкана ачууга макулдук берилсин.

2.     Китепкананы туруктуу иштетүү максатында, китепкана  башчысы штатын ачып берүү жагы финансы министрлигинин райондук бөлүмүнөн суралсын.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго  жүктөлсүн.

Кенештин төрагасы

Н.Артыков