Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 15-февралы № 11

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылынын эски мектептин имаратын сарамжалдуу колдонуу   жөнүндө

 

         Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановдун сунушу менен, депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  I сессиясы  токтом кылат :

 

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылындагы Чоң-Талаа орто мектебинин  бошогон имараттары  айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгондуктан сарамжалдуу пайдалануу  айыл өкмөткө  жүктөлсүн .
  2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго жүктөлсүн.

Кенештин төрагасы

Н.Артыков