Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 15-февралы № 12

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылындагы эски мектептин имаратынан спорт зал үчүн берилген корпустун  ички оңдоп түздөө жумуштарына  айыл өкмөтүнөн кошумча салым

катары  акча каражатын бөлүп берүү   жөнүндө

 

       Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановдун сунушу менен, Чоң-Талаа айылынын айыл башчысы М. Мирзаевдин  билдирүүсүн угуп, депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  I  сессиясытоктом кылат:

 

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылында эски мектептин имаратын оңдоп түздөө жумуштарына  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен кошумча салым катары 300,0  (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп  берилсин
  2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго жүктөлсүн

 Кенештин төрагасы

Н.Артыков