Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 15-февралы № 13

 Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылындагы 2 га жер аянтына, “Жашыл мурас” Улуттук программасынын алкагында, бак өстүрүү үчүн суу чыгарууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

       Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановдун сунушу менен,  Чоң-Талаа айылынын айыл башчысы М. Мирзаевдин  билдирүүсүн угуп, депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  I  сессиясытоктом кылат:

 

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Талаа айылындагы таштандыга айланган 2 га жер аянтына “Жашыл мурас” Улуттук программасынын алкагында,  “Жакшыдан жашыл бак калат” долбоорунФАО коомдук уюму колдоого алып, бадам жана өрүк көчөттөрүн жана  айланасын тосуу үчүн курулуш материалдарын алып берип жаткандыгына байланыштуу, суу чыгаруу үчүн скважина казуу, таштандыларды чыгарууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен кошумча салым катары 250,0  (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты  бөлүнүп  берилсин
  2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго жүктөлсүн

Кенештин төрагасы

Н.Артыков