Редакцияот 17.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 26-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 17-январы № 26/3

“Кулунду айыл аймагынын “Кожо-Бакырган суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2024-жылга түзүлгөн тарифин бекитүү  жөнүндө”

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги        26-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Кожо-Бакырган суу” ИСКАКБсинин 2024-жылга түзүлгөн тарифи:
  • ар бир жанга бир айга 16,60 сом,
  • жеке менчик кранттарга бир айга 300 сом,
  • ашкана, чайканаларга 150 сом,
  • жеке менчик мончолорго 2500 сомдон,
  • жалпы элге 1м3 (бир метр куб) суу 16,60 сомдон,
  • бюджеттик ишканаларга жана суу эсептегичи бар мончолорго 35 сомдон болуп бекитилсин.
  1. “Кожо-Бакырган суу” ИСКАКБсинин 2024-жылга бекитилген тарифинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Кожо-Бакырган суу” ИСКАКБсинин жетекчисине милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтом айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gos.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төраганын м.а. С.А. Надырова