САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жыл 20-февралы №1
Административдик-аймактык реформага байланыштуу айыл өкмөттүн негизги документтерин шашылыш сактоо үчүн мамлекеттик архивге тапшыруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы токтом кылат:
1.Административдик-аймактык реформага байланыштуу айыл өкмөттүн негизги документтерин шашылыш сактоо үчүн мамлекеттик архивге тапшыруу жөнүндө Сакалды айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Турганбаеванын маалыматы эске алынсын.
2.Сакалды айыл өкмөттүнүн жергиликтүү бюджетине төмөндөгүдөй өзгөтүүлөр киргизилсин:
-СДК 2215 беренесинен -150,0 сом;
-Аппарат 2215 беренесинен 50,0 сом акча каражат айыл өкмөттүн негизги документтерин мамлекеттик архивге тапшыруу үчүн жумшоого ажыратылсын.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюжет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Нишанбаев |