Редакцияот 17.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 26-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 17-январы № 26/4

“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди ажыратуу жөнүндө”

        Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  26-отурумунун №26/1 протоколунун чечиминин 5-6-8-9-пунктунун чечиминин негизинде  Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынан И.Раззаков айылынын чыгыш тарабындагы,Гулякондоз каналынын үстүндөгү 0,45га жерлерин “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай,транспорт, байланыш,коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин.
  2. Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу №3-контурдан 0,50 га жер аянты айыл чарба багытындагы жерди бир багыттан экинчи багытка которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин.
  3. КР УКМК ЧК 2021 аскер бөлүгунө айыл аймактын Байзак-Сай участкасынын №851 контурунан 1,0 га жер аянттары таштуу жайыт жерди бир багыттан экинчи багытка которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин.
  4. Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы аянты 135,0 га жер анын ичинен №6 контурунан 56,50 га, №7 контурунан 43,70 га, №11 контурунан 34,80 га жер аянттары таштуу жайыт жерди бир багыттан экинчи багытка которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин.
  5.  Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  7.  Ушул токтом айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gos.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Төраганын м.а. С.А. Надырова