Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын

 

2024-жыл 20-февралы  №4

 

Жеке менчик 750,0 чарчы метр жер аянттынын ичинен 144,0 чарчы метр бөлүгүн максаттуу багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө

         

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 12-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы токтом кылат:

1.Сакалды айылынын жашоочусу жаран Оморов Абдикалилдин 2024-жылдын 18-январындагы №О-16 сандуу арызы канааттандырылсын.

2.Сакалды айылынын жашоочусу жаран Оморов Абдикалилдин аталган айылдын Мамаш-Ата көчөсүндөгү № 62А турак жайында жайгашкан 3-04-08-1001-1145 идентификациялык номери менен катталган 750, 0 чарчы метр жеке менчик жер тилкесинин ичинен 144,0 чарчы метр жер аянтынын (комерциялык багытта соода түйүнүн куруу үчүн) максаттуу багытын өзгөртүүгө уруксат берилсин.

3.Тиешелүү документтерди даярдап берүү Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин алдындагы жер ресурстары кызматынын “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ноокен филиалынан жана Ноокен райондук Архитектура башкармалыгынан суралсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А.Нишанбаев