ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV-сессиясы
2024-жылдын 28-мартыы № 119
Атайын техника сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезексиз отуз бешинчи сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде калдык болуп турган 135,0 миң сом акча каражатына жаңыдан түзүлүп жаткан муниципалдык ишканасына таштанды чыгаруу үчүн электромотоцикл сатып алууга макулдук берилсин.
2 Токтомду аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.
Төраганын м.а. | Камилжанов Э.Ш |