Редакцияот 27.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 27-февралы № 28/3

                                  

“Кулунду айыл аймагындагы жерлердин багытын өзгөртүү жөнүндө”

    Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап

 

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынын Бешкент айыл аймагы тарабындагы №1000 контурдагы 1,30 га жерди бак отургузуп өздөштүрүү үчүн бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
  2. Кулунду айыл аймагынын Булак- Башы айылынын туштүк тарабынан №484 контурдан Цемент завод куруп иштетүү үчүн 20,0 га жер ажыратуу жана бир түрдөн экинчи түргө которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
  3. Раззаков- кальцо авто жолунун оң тарабында, Кулунду жазуунун тундүк тарабында жайгашкан 0,10 га жайыт жерди бир багыттан экинчи багытка которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
  4. Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Эски оочу айылынын күн батыш тарабынан, Кулунду каналынын үстүндө жайгашкан Кулунду айыл өкмөтүнун жайыт жеринен 0,20 га жерди бир багыттан экинчи багытка которуу(трансформациялоо) макулдук берилсин.
  5.  Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  7.  Ушул токтом айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gos.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага

А.А. Досов