Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын

 

2024-жыл 5-марты  №2

 

“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак дарактар эгилген жерге ат берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” ЖОБОну жетекчиликке алып Достук айыл өкмөтүнө караштуу № 108 кесиптик окуу жайына ат берүү жөнүндө Достук айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 33-сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап токтом кылат:

 

1.“Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоору» алкагында уюштурулган 300 гектар көп жылдык бак-дарактар эгилген жерге Мамасадыков Дүйшалынын ысымы ыйгарылсын.

 

2.Мындан ары Мамасадыков Дүйшалы атындагы көп жылдык бак деп аталсын.

 

3. Бул токтом Достук айыл өкмөтүнүн Dostukao.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет..

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Н.Мадалиев