Редакцияот 27.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 27-февралы № 28/6

“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ”

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап

 

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кулунду айыл аймагында айылдырдын ичинде чий бөрү, бөрүлөр көбөйүп кеткендигине байланыштуу элдин коопсуздугунун алдын алуу максатында мергенчилерге чий бөрүгө 1000 сомдук, бөрүгө 2000 сомдук премия уюштуруу үчүн жергиликтүү жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин. 

2.     Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык Кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

  1.  Ушул токтом айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gos.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага

А.А. Досов