КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 27-февралы № 28/7
“Кулунду айыл өкмөтүнө муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө ”
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук, коомдук тартип жана граждандык укукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом айылдык Кеңештин каттоосунан өтүп, Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн https://kulundu.gos.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А.А. Досов |