ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXII сессиясынын
2024-жыл 18-январы №4
Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2023-жылдын 17-ноябрындагы кезексиз XXIX сессиясынын № 2 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Достук айыл өкмөтүнүн 2022-2025-жылдар аралыгында социлдык-экономикалык өнүгүү программасынын турмушка ашыруу планынын негизинде 2024-жыл республикалык бюджеттин дем берүүчү гранттар беренесинен каржыланууга сунушталган долбоорлорду жергиликтүү бюджеттен каржылоо үчүн Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2023-жылдын 17-ноябрындагы кезексиз XXIX сессиясынын № 2 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилип, өздүк салымдардын суммасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
-Шамалды-Сай айылынын Т.Сыдыков көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен 969 060,0 сом.
-Кызыл-Туу айылынын Узбеков көчөлөрүнүн асфальт төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен 2 806 841,0 сом.
-Шамалды-Сай айылынын Кулатов көчөсүнө балдар ойноочу аянтча куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен 1 178 661,0 сом.
2.Республикалык бюджеттин дем берүүчү гранттар беренеси аркылуу каржылануучу долбоорлордун өздүк салымына айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты ажыратылсын.
3.Токтомду аткаруу жагы Достук айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |