БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-декабры № 101
Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунунун долбоорун жактыруу тууралуу
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө тиркелүүчү макулдашуунун долбоору жактырылсын.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бишкек шаарынын мэрине принципиалдуу эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен тиркелүүчү макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
макулдашууда көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылуусуна контролду камсыздасын;
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен бирдикте Бишкек шаарынын аймагында видеобайкоо камераларын жайгаштыруу точкаларын аныктасын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| К.Конгантиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 101 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 127 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаары |
| 2024-жыл "___" _____________ |
Биринчи тараптан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзүүчү министр Улан Омоканович Ниязбековдун атынан, мындан ары "КР ИИМ" деп аталуучу, экинчи тараптан Бишкек шаарынын мэриясы, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзүүчү, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джанышбекович Джунушалиевдин атынан, мындан ары "Мэрия" деп аталуучу, мындан ары бирге "Тараптар" ден бирдикте аталуучулар төмөндөгүлөр тууралуу КР ИИМи менен Мэриянын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) түзүштү:
1. Жалпы жоболор
1.1. Тараптар ушул Макулдашууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин, тактап айтканда "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен ишке ашырышат.
Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу, ошондой эле материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жака коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында, өз ара пайдалуу кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттен Бишкек шаарынын ИИББсынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жана ремонт иштерине каражаттарды карайт.
1.2. Тараптар ушул Макулдашууну сырткы видеобайкоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен түзүшөт.
1.3. Тараптар ушул Макулдашууну коомдук коопсуздук маселелерин чечүүнүн, соода, көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык ченемдерди сактоонун натыйжалуулугун эске алуу менен биргелешкен күч-аракеттердин негизинде түзүшөт.
2. Келишимдин предмети
2.1. Макулдашуунун предмети болуп Тараптардын мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле санариптештирүү боюнча биргелешкен чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу жаатындагы кызматташуусу саналат.
2.2. Ушул Макулдашуу КР ИИМ менен Мэриянын ыйгарым укуктарынын алкагында Тараптардын ортосундагы маалымат алмашуу бөлүгүндө Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы талаптарын, ошондой эле видеобайкоо камераларын сатып алуу, Бишкек шаарынын аймагына орнотуу жана андан аркы эксплуатациялоо маселелерин практикалык ишке ашыруунун алкагында Тараптардын өз ара аракеттенүү шарттарын аныктайт.
2.3. Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде мыйзамдуулук, ырааттуулук жана купуялуулук принциптери камтылган.