Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Чаувай айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезексиз ХV1 сессиясы

 

 

2023-жылдын 5-октябрындагы № 16/5

 

Чаувай айыл аймагынындагы Б.Кулбаев орто мектебинин алды жагына брусчатка жаткыруу жана айланасын тосмо менен тосуу долбоору үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Чаувай айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган 16-сессиясынын күн тартибиндеги маселени карап чыгып , талкуулап Чаувай айылдык кеңеши төмөнкүдөй

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Чаувай айыл аймагынындагы Б.Кулбаев орто мектебинин алды жагынаибрусчатка жаткыруу жана айланасын тосмо менен тосуу үчүн 375 000,0 миң сом акча каражатын 2024-жылдын бюджетине бекитилсин.

 

2 . Каралган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн .

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чаувай айылдык

кеңештин төрагасы:

 

А.Юсупов