УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык Кенешинин кезектеги XXVIII чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2024-жылдын 4-март № 28-111
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2023-жылдын 20-апрель айында кабыл алынган №154-НИ «Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо тартиби жөнүндөгү » буйругунун негизинде жана ушул Жобонун талаптарына ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Үч-Коргон айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Үч-Коргон айыл өкмөтү;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Үч-Коргон айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоонун жыйынтыгына оңдоо-түздөө иштерине киргизилген өзгөртүүлөр материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы, Манас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага |
| А.Жакыпбеков |