Редакцияот 14.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 14-февралы № 8

 

2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун 2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 43-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган акча каражаты 40 000 сом төмөндөгүдөй жумшалсын:

-Кара-Суу айылындагы социалдык мекемелерге таштанды чыгаруу үчүн субсидия 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты каралсын.

2. Бермет апа бала бакчасынын атайын эсебинде пайдаланылбай калган 36 734 (отуз алты миң жети жүз отуз төрт) сомду 2024-жылга бала бакчанын атайын эсебине (44060410000526) отургузулсун.

3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Эсеналиевага бөлүнгөн акча каражаттарын тиешелүү статьяларга отургузуу жагы милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Р.Биримкулов